Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 2
2014-жылдын жыйынтыгы боюнча жогору турган органдардын
сыйлыктарына талепкерлерди сунуштоо жөнүндө
2014-жылдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн эмгектеги жана коомдук иштердеги үзүрлүү эмгектери менен эал арасында кадыр баркка ээ болгон айыл тургундарын жогору турган органдардын сыйлыктарына сунуштоо жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезетен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзүнүн эмгектеги жана коомдук иштердеги үзүрлүү эмгектери менен эал арасында кадыр баркка ээ болгон Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин директору Ч. Абдукахарова, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты Темир-Корук атындагы орто мектебинин мугалими Эргешов Хабибилла Аманович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасына” сунуш кылынсын.
2. Өзүнүн эмгектеги жана коомдук иштердеги үзүрлүү эмгектери менен эал арасында кадыр баркка ээ болгон Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы А.Имомов, айылдык кеңештын депутаты О.Муталов,Жаңы-Ноокат айылынын борбордук мечитинин имам хатиби Х. Пазилов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак Громатасына” сунуш кылынсын.
3. Өзүнүн эмгектеги жана коомдук иштердеги үзүрлүү эмгектери менен эал арасында кадыр баркка ээ болгон Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты М Муминов Ноокат районук мамлекеттик администрациясынын “Ардак Грамотасына” сунуш кылынсын.
4. Өзүнүн эмгектеги жана коомдук иштердеги үзүрлүү эмгектери менен эал арасында кадыр баркка ээ болгон Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты Дадаев Зокир,Турсунов Абдумухтор Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Ардак Грамотасына” сунуш кылынсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |