Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 4
АРИС агентигинин ПСИ 3 проектиси жөнүндө
АРИС агентигинин биринчи жана экинчи программалары боюнча Жаңы-Ноокат айыл аймагында иш жүргүзүлүп,айылдын социалдык-экономикалык өнүгүсүнө чоң салым кошкондугу бардыгыбызге белгилүү. Бирок АРИС агентиги жылдан бери иштебей жаткан эле. 2015-жылдан баштап ПСИ 3 программасы боюнча иш алып барышы жөнүндө көрсөтмө келди. Ошондуктан АРИС агентигинин ПСИ 3 программасын Жаңы-Ноокат айыл аймагында иш жүзүнө ашырууда айылдын кеңештин депутаттарынын активдуулугу болушу керек.
ПСИ 3 программасын иш жүзүнө ашыруу үчүн жер -жерлерде чогулуштар өткөрүлүп, көйгөйлөр аныкталышы, программа талабында элдин салымы мурда 25 процентти түзгөн болсо, бул программада 3.4 процент болушу керкетиги боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл амагында АРИС агентигин ПСИ 3 программасын иш жүзүнө ашыруу үчүн 3.4 процент өздүк салым кошуу жана , айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди аныктөө боюнча эл арасында өткөрүлүүчү чогулуштарда активдик көрсөтүү айылдык кеңештын депутаттарына тапшырылсын.
2 Жер-жерлерде өткөрүлгөн чогулуштарда эл тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чогултуп анализ жасап, айыл аймагындагы иш жүзүнө ашыруу керектигин аныктөө жана АРИС агентигине сунуштоо жагы айылдык кенештын депутаттарына тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын социалдык -экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |