Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № XXI-1
Ноокат шаар мэриясынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери
жөнүндө Ноокат шаарынын мэринин отчету
Ноокат шаарынын мэри О.Тургунбаевдин Ноокат шаар мэриясынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү Ноокат шаарынын мэринин отчетун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын мэри О.Тургунбаевдин Ноокат шаар мэриясынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 8-сентябрындагы №214 ”Кыргыз Республикасынын Ош областиндагы Ноокат районунун Эски-Ноокат айылдык кеңешинин жана Гүлистан, Чечме-Сай айылдык кеңештеринин жерлеринин бөлүгүнүн негизинде Ноокат шаарын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Барын айылына тиешелүү болгон жер аянттарынын бөлүгүн 2015-жылдын 1-июнуна тактап, аныктап чечүү жагы Ноокат шаарынын мэри О.Ж.Тургунбаевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|