Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № XXI-3
Ноокат шаарынын тургуну Атабалаева Рисалатхонго тиешелүү болгон үйдүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат шаарынын тургуну Атабалаева Рисалатхонго тиешелүү болгон үйдүн багытын заманбап аптека деп өзгөртүү киргизүүнү суранып жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын М.Абдуллаев көчөсүнүн тургуну Атабалаева Рисалатхонго тиешелүү болгон Г.Гулям көчөсү менен Жуков көчөсүнүн кесилишиндеги жеке менчик 476 чарчы метр жер аянтынын ичинен 24 чарчы метринин багыты заманбап даарыкана деп өзгөртүлсүн.
2. Жогорудагы аталган атуулдардын жер-тилкесинин пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо жагы Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|