Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-апрели № 4
Чоң-Алай айылдык аймагынын Дароот-Коргон айылындагы борбордук
маданият үйүнө кошумча корпус куру жана капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча
каражатын бөлүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевдин сунушун талкуулап Чоң-Алай айылдык аймактык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык аймагынын Дароот-Коргон айылындагы борбордук маданият үйүнө кошумча корпус куруу жана капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 849 781 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Молдоболотов
|