Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 2
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2014-жыл ичинде аткарган иштери
жана 2015-жылга аткара турган милдеттери жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насирдиновдун 2014-жыл ичинде аткарган иштери жана 2015-жылга аткара турган милдеттери жөнүн- дөгү отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насирдиновдун 2014-жыл ичинде аткарган иштери жана 2015-жылга аткара турган милдеттери жөнүндөгү отчету кээ бир кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө - 2014-жылда толук аткарылбай калган иш- терди 2015-жылдын май айынын аягына чейин ;
- Жарооз айылындагы ЛЭПти орнотуу ;
- Мөнөк айылындагы «Кызыл кызгалдагым» балдар бакчасынын жылытуу системасын оңдоо ;
- Кашкар-Кыштак айылындагы маданият үйүнүн оңдоо ;
- Гагарин атындагы орто мектебинин жолун оңдоо жана дааратканасынын куруу ;
- Кашкар-Кыштак айылындагы «Нуртилек» балдар бакчасынын даараткана- сынын курулушун ;
- Навои атындагы орто мектебинин көмүрканасын куруу иштерин -2015-жыл дын май айынын аягына чейин бүтүрүү жагы тапшырылсын жана мындан ары келишим менен иштеген «Подрядчиктердин» аткарган иштеринин сапатына ка- туу көңүл буруу, милдеттенмелерин аягына чейин бүтүргөндө гана калган акча- ларын которуп берүү ;
- келишим менен аткарылып жаткан курулуш иштеринин сапатын, көлөмүн жана акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын такай көзөмөлгө алуу үчүн атайын билими бар адисти дайындоо жана айылдык кенештин депутаттары менен биргеликте иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрага-сынын орун басары К.Хакимжановго жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |