Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 3
Кашкар-Кыштак айылындагы «Сайгузар»
суу насосун ишке киргизүү үчүн каражат
бөлүү жөнүндө
Депутаттар «Хает-Бахш» ИСКАКБсынын төрагасы Х.Солиевдин Кашкар-Кыштак айылындагы «Сайгузар» суу насосун ишке киргизүү үчүн каражат бөлүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарынын тартыштыгына байланыштуу Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Хает-Бахш» ИСКАКБсынын төрагасы Х.Солиевдин Кашкар-Кыштак айылындагы «Сайгузар» суу насосун ишке киргизүү үчүн каражат бөлүү жөнүн дөгү сунушу жактырылсын жана Кашкар-Кыштак айылдык кенеши жана айыл өкмөтү «АРИСтин» долбооруна катышууга кызыкдар экени белгиленсин.
2. «Хает-Бахш» ИСКАКБсынын жетекчилигине Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосунун «Коммуналдык инфраструктураны каржылоо» долбооруна катышуу жагы сунуш кылынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана долбоорго төлөнүүчү элдик салымдын чыгымын жергиликтүү бюджеттен кароо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |