Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 4
Мөнөк айылына жаңы суу чыгаруучу жай
(водовачка) куруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Депутаттар Мөнөк айылынын айыл башчысы Баймурзаев Асилбектин Мөнөк айылына жаңыдан суу чыгаруучу жай (водокачка), же болбосо суу сак- тагыч (резервуар) куруу үчүн каражат бөлүү жөнүндөгү сунушун угуп жана тал- куулап, айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарынын тартыштыгына байланыш туу Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мөнөк айылынын айыл башчысы Баймурзаев Асилбектин Мөнөк айылына жаңыдан суу чыгаруучу жай (водокачка), же болбосо суу сактагыч (резервуар) куруу үчүн каражат бөлүү жөнүндөгү сунушу жактырылсын жана Кашкар-Кыштак айылдык кенеши жана айыл өкмөтү «АРИСтин» долбооруна катышууга кызыкдар экени белгиленсин.
2. Мөнөк айылынын айыл башчысына Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосунун «Коммуналдык инфраструктура- ны каржылоо» долбооруна катышуу жагы сунуш кылынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана долбоорго төлөнүүчү элдик салымдын чыгымын жергиликтүү бюджеттен кароо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |