Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 6
Жайыт комитетинин 2014-жылга бюджетинин
аткарылышы жана 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттар Жайыт комитетинин төрагасы Т.Эргешовдун «Жайыт комите- тинин 2014-жылга аткарган иштери жөнүндө угуп жана 2015-жылга бюджети- нин долбоорун талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 18-беренесинин 7-бөлүмүнүн жана “Жаыйттар жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитетинин 2014-жылда аткарган иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгү- дөй кирешелерден ;
Жарандардын жайытка чыга турган ири мүйүздүү мал, майда мүйүздүү мал жана жылкылары үчүн алына турган салыктардан ;
- ири мүйүздүү малга – айына 25 х 5 ай = 125 сомдон,
- майда мүйүздүү малга( кой, эчкилерге) – айына 5 х 5 ай = 25 сомдон,
- жылкыга - айына 25 х 5 ай = 125 сомдон,
Башка айыл өкмөттөрдүн жарандарынын жайытка чыга турган ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малы, жылкылары үчүн алынуучу салыктардан ;
- ири мүйүздүү малга – айына 50 х 5 ай = 250 сомдон,
- майда мүйүздүү малга (кой-эчкилерге) – айына 10 х 5 ай = 50 сомдон,
- жылкыга – айына 50 х 5 ай = 250 сомдон,
Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерин тосуп алып, мал багуудан башка багыттарда пайдаланган жарандардан алынуучу салыктардан,
- 1 га жер аянтына 1 жылга - 250 сомдон,
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлеринде жеке ишкерлик менен алектенген физикалык жактардан алынуучу салыктардан ;
1 м2 жер аянтына сезонго :
- «Ош-Алай» трассасынын боюнда соода-сатык жүргүзгөндөр;
- жайыт жерлеринин ичинде эс алуу жана саамал ичирүү багытында боз үй тигип, вагон коюп иштеткендер үчүн – 50 сомдон белгиленип, түзүлсүн.
3. Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгү 350,0 миң сомду түзүп, чыгаша бөлүгү төмөндөгү чыгашалардан :
- эмгек акыга - 108 000 сом,
- соцфондго чегерүү, 15,25% - 16 470 сом,
- мед.камсыздандыруу - 2 160 сом,
- жайыт жолдорун оңдоо - 68 770 сом,
- транспорттук чыгымдар - 45 000 сом,
- жер салыгы - 53 600 сом,
- аудиттик кызмат үчүн - 4 000 сом,
- мал чарба кызматкерлеринин 6-айлык слетуна – 40 000 сом,
- канцеляриялык буюмдарга - 3 000 сом,
- жайыт комитеттеринин райондук Ассоациясына - 9 000 сомдон туруп,
Баары 350 000 (/ч жүз элүү миң) сомго бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жараты лышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |