Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 7
Мөнөк айылына балдар бакчасынын
курулушуна акча каражатын бөлүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насирдиновдун Мөнөк айылына жаңыдан балдар бакчасын куруу үчүн каражат бөлүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарынын тартышты гына байланыштуу Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт башчысы М.Насирдиновдун Мөнөк айылына жаңыдан балдар бакчасын куруу үчүн каражат бөлүү жөнүндөгү сунушу жактырылсын жана Каш кар-Кыштак айылдык кенеши жана өкмөтү «АРИСтин» долбооруна катышууга кызыкдар экени белгиленсин.
2. Мөнөк айылынын айыл башчысына Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосунун «Коммуналдык инфраструктура- ны каржылоо» долбооруна катышуу жагы сунуш кылынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана долбоорго төлөнүүчү элдик салымдын чыгымын жергиликтүү бюджеттен кароо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |