Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 12-марты № 9
Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине
ветеринардык адисти бекитүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн штаттык бирлигине ветеринардык адисти бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана кеңири талкуулап чыгып, аймакта мал жандыктарынын жугуштуу ооруларынын алдын алуу жана эпизоотикалык абалды туруктуу сактоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомуна ылайык Кашкар- Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча ветеринардык жетектөөчү адистин штаттык бирдигин кармоого айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Марасулова А) – жергиликтүү бюджеттин эсеби нен кошумча ветеринардык жетектөөчү адистин штаттык бирдигин (КРӨ 28.06.2013. № 384 токт) киргизүүнү камсыз кылсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук каржы бөлүмүнө маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |