Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 11
Жарооз айылындагы “Байчечекей”
балдар бакчасына кароолдук штат бирдигин бекитүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн Жарооз айылындагы “Байчечекей” балдар бакча- сына кароолдук штат бирдигин бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, балдар бакчасында капиталдык курулуш жүрүп жаткандыгына байланыш- туу ал жердеги мүлктөрдүн жана курулуш материалдырынын сакталышын камсыз кылуу максатында Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Жарооз айылындагы “Байчечекей” балдар бакчасына кароолдук штаттык бирдигин кармоого айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Марасулова А) – жергиликтүү бюджеттин эсеби нен кароолдук штаттык бирдигин киргизүүнү камсыз кылсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук каржы бөлүмүнө маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы айылдык кенештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |