Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 13
Жарооз айылынын тургуну
Б.Токоевдин арызын кароо жөнүндө
Депутаттар Жарооз айылынын тургуну Б.Токоевдин Кайрагач айылынан бош жаткан жерлерден ижарага берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жарооз айылынын тургуну Токоев Бакыттын арызы Кайрагач айылынан бош жаткан жерлерден ижарага берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2. Айыл өкмөтүнө - аракеттеги мыйзамдардын талаптарына ылайык иш чара- ларды уюштуруп, Кайрагач айылынын бош жаткан жерлеринен ижарага берүүнү камсыз кылсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү арыз ээсине таанышуу үчүн берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |