Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 14
Кашкар-Кыштак айылынын тургуну
К.Газиеванын арызын кароо жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын тургуну К.Газиеванын Кашкар-Кыш- так айылынан май куюучу бекет куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүн дөгү арызын угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын тургуну К.Газиеваынын Кашкар-Кыштак айылы нан бош жаткан жерлерден май куюучу бекет куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2. Айыл өкмөтүнө - аракеттеги мыйзамдардын талаптарына ылайык иш чаралар ды уюштуруп, Кашкар-Кыштак айылынын бош жаткан жерлеринен май куюучу бекет куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүнү камсыз кылсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү арыз ээсине таанышуу үчүн берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |