Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 12-марты № 15
“АККА-Петролеум” ЖЧКумунун
арызын кароо жөнүндө
Депутаттар “АККА-Петролеум” Жоопкерчилиги чектелген коомунун менчи- гиндеги “Ош-Кара-Суу” автотрассасынын оң тарабында жайгашкан шыйпаңдын жеринен 1011,0 м2 жер аянтына май куйуучу бекет (АЗС) куруу үчүн уруксат су -рап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кара-Суу райондук жерге жай- гаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын 30-октябрында каттоодон өткөрүлгөн “Ч” сериясындагы 384335 но- мериндеги мамлекеттик актынын, Кара-Суу райондук архитектуралык-шаардык курулуш Кенешинин 2015-жылдын 24 декабрындагы № 10/14 протоколунун 4-бөлүгүнүн,“Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасынын 2015-жылдын 25-февралындагы 145 чыгыш саны менен берилген корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 13-бер.1-бөл. 3-бөлүкчөсүнүн, 27-бер. 1-бөл. ,“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ”мыйзамынын 31-бер. 2-бөл. 1-бөлүкчөсүнүн талаптарына ылайык айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “АККА-Петролеум” ЖЧКмунун менчигиндеги ”Ош-Кара-Суу” автотрассасынын оң тарабында жайгашкан шыйпаңдын жеринен 1011,0 м2 жер аянтына май куйуучу бекет (АЗС) курууга макулдук берилсин.
2. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө май куйуучу бекет куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү арыз ээсине иш кагаздарын тиешелүү мамлекеттик органдардан каттоодон өткөрүү үчүн жиберилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |