Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 16
Депутаттар Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Маматалиев дин инфляцияга байланыштуу жарандарга берилүүчү аныктамалардын баасын 10 сомдон аныктап, бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Маматалиевдин инфля цияга байланыштуу жарандарга берилүүчү аныктамалардын баасын аныктап берүү жөнүндөгү сунушу канааттандырылсын.
2. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү боюнча жарандарга берилүүчү аныктамалар- дын баасы 10 (Он) сомдон бекитилсин ;
3. Аныктамалар Улуу Ата мекендик, Ооган согуштарынын, Чернобыль апааты- нын катышуучуларына, тубаса майыптарга жана жөлөкпул алуучуларга акысыз берилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Маматалиевге, адистери Д.Дарбишовго жана Ш.Ташиевге аныктамаларды жазуу укугу берилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн катчысы М.Маматалиевге – ушул токтомду Монополияга каршы күрөшүү Агенттигинин Ош болустук бөлүмүнөн каттоодон өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |