Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 17
Кашкар-Кыштак айылынын тургуну
Төрөбаев Махамаджандин арызын кароо жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Төрөрбаев Махамаджандин Кайрагач айылындагы үлүш жерлерин Кашкар-Кыштак айылына которуп берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Төрөрбаев Махамаджандин Кайрагач айылындагы үлүш жерлерин Кашкар-Кыштак айылына которуп берүү жөнүн -дөгү арызы айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
2. Токтомдун көчүрмөсү арыз ээсине маалымат үчүн берилсин.
3. Айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия- сына арызды иликтеп чыгып, жыйынтыгын кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү жагы тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |