Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 19
Айылдык кенештин депутаты Абдураимов Азаматтын депутаттык
мандатын колдонууну токтотуу жөнүндө
Депутаттар айылдык кенештин депутаты Абдураимов Азамат кеңештин сессия ларына жүйөөсүз себептер менен 2 жолудан ашык катышпагандыгын айтышып, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда жана депутаттык мандатын колдо- нууну токтотууну сунуш кылышты. Сунуштарды угуп жана талкуулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бер. 3-бөл,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мый -замынын 24-бер. 7-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин депутаты Абдураимов Азамат кеңештин сессия ларына жүйөөсүз себептер менен 2 жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда жана мандатын колдонуу токтотулсун.
2. Токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына депутаттык мандатын кайтаруу үчүн жана арыз ээсине маалымат үчүн берилсин.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |