Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 21
Аттокуров Руслан жөнүндө
Депутаттар 9 мандаттуу «Шарк хакикати» шайлоо округунан депутат болуп шайланган Хошимов Кодиржандын өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу анын ордуна кийинки көп добуш алган талапкер Аттокуров Руслан Меңдибаевич шайланыш керек эле, бирок ал Кыргызстандан сыртта, б.а. Россия мамлекетинде иштеп жүргөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын толук кандуу жүргүзө албай тургандыгы жөнүндөгү арызын, ощол себептен анын ордуна кезектеги талапкерге мандат берүү маселесин талкуулап чыгып, депутаттардын катарын толуктоо максатында жана Кыргыз Рсепубликасынын «Жерлигилктүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамынын 2-бер. 3-абз, 3-бер. 6,11-абзацтарынын талаптарына ылайык Кашкар- Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 9 мандаттуу «Шарк хакикати» шайлоо округунан депутаттык мандат алуучу Аттокуров Руслан Россия мамлекетинде жүргөндүгүнө байланыштуу анын ордуна кезектеги мандат алуучу депутатты көрсөтүү Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
2. Токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссия- сына кезектеги депутатты көрсөтүп берүү үчүн жөнөтүлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |