Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 22
Кашкар-Кыштак айылындагы № 122 орто мектебинин спорт
талаасынын курулушуна айыл өкмөтүнүн өздүк салымы жөнүндө
Депутаттар № 122 орто мектебинин директору К.Юнусовдун «Кашкар-Кыштак айылындагы № 122 орто мектебинин спорт талаасынын курулушуна айыл өкмөтүнүн 20% өлчөмүндө өздүк салымын кошуу жөнүндөгү» сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын 15, 17-беренелеринин талаптарына ылайык Кашкар- Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылындагы № 122 мектебинин спорт талаасынын курулушу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине түрткү берүүчү (стим.грант) грантка берилген проект боюнча айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен 629,2 (Алты жүз жыйырма тогуз миң эки жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Марасулова А) – ажыратылган акча каражатын өз убагында которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |