Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 10-марты № 23
Мөнөк айылындагы спорт талаасынын курулушуна айыл
өкмөтүнүн өздүк салымы жөнүндө
Депутаттар депутат Н.Рыскуловдун «Мөнөк айылындагы спорт талаасынын курулушуна айыл өкмөтүнүн 15% өздүк салымын кошуу жөнүндөгү» - сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын 15,17-беренелеринин талаптарына ылайык Кашкар- Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөнөк айылындагы спорт талаасынын курулушу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине түрткү берүүчү (стим.грант) грантка берилген проект боюнча айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен 493,0 (Төрт жүз токсон үч миң) сом өлчөмүндө акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Марасулова А) – ажыратылган акча каражатын өз убагында которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |