Загрузка документа…
САДОВОЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-февралы № 89
“Калктуу пункттардагы жана айыл чарбасына
дайындалбаган жерлердин жер салыгын эсептөө үчүн
К-3 зоналдык коэффициентти бекитүү”
Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча секторунун башчысы Т.В. Гриценконун “Калктуу пункттардагы жана айыл чарбасына дайындалбаган жерлердин жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентти бекитүү тууралуу” маалыматын угуп жана талкуулап Садовое айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садовое айылдык аймагы боюнча 2014-жылга калктуу пункттардагы жана айыл чарбасына дайындалбаган жерлердин жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Садовое айыл өкмөтүнү каражат-экономикалык бөлүмдүн башчысы А.А. Джумалиевага тапшырылсын.
Садовое айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Л.П. Полтавцева |