Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-январы № 3
Айыл өкмөттүн 2014-жылдагы бюджетинен калган калдыкты бөлүштүрүү максатында айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөттүн 2014-жылдагы бюджетинен калган 2570,8миң сом калдык төмөндөгүдөй максатта жумшалсын.
1.2014-жыл ичинде айылдык Кеңештин төрагасынын эмгек акысы -10,0миң сом
2.Кызыл-Туу, Кара-Булуң айылындагы жолбун иттерди атууга -20,0миң сом
3.Кызыл-Туу жаңы конуштарына электр зымдарды жана карагайларды алууга
340,0миң сом
4.Кызыл-Туу айылынын бала-бакчасына сан.узел киргизүү үчүн -100,0миң сом
5.Кара-Булуң айылына таза суу линиясы өтпөгөн көчөлөргө кошумча суу түтүктөрүн
курууга -1050,0миң сом
6.ПРООНго үрөн тазалагыч алууга жазылган долбоордун өздүк салымын төлөө
үчүн -100,0миң сом
7.Кара-Булуң айылынын мектебине интерактивный доска алууга -101,1миң сом
8.Кара-Булуң бала-бакчасына жууркан-төшөк алууга -40,0миң сом
9.Кара-Булуң айылынын клубуна музыкалдык аспатарды алууга -62,5миң сом
10.АГАХАНгА скважина чыгарууга жазылган долбоордун өздүк салымын төлөө
үчүн -387,2миң сом
11.Кызыл-Туу айылынын ички жолдоруна шагыл төгүү үчүн -60,0миң сом
12.Кызыл-Туу, Кара-Булуң айылдарынын мектептерине көмүр алуу үчүн 300,0миң сом
Жалпысы: 2млн570миң 800 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Ф.Токушевага тапшырылсын.
Кара-Коюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Карагулов |