Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII-сессиясы
2015-жылдын 19-январы № 8
Айыл өкмөттүн карамагындагы кызматтык «Нива» автоунаасын Жайыт комитетине берүү жөнүндө айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн карамагындагы кызматтык «Нива» автоунаасы Жайыт комитетине берилсин.
2. Жайыт комитетине берилген «Нива» автоунааны жайыт кызматкерлерине келишимдин негизинде бекитип берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ш.Апысовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Кара-Коюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Карагулов |