Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX сессиясы
2015-жылдын 14-апрели № 3
Кара-Коюн айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылынын бала-бакчасынын подвалын жаштарга машыгуу залы катары пайдаланууга карата демилгечи тобунун кайрылуусун талкуулап чыгып Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылынын бала-бакчасынын подвалын жаштарга машыгуу залы катары пайдаланууга берилсин.
2. Берилген имаратта машыгуу убагы бакчадагы балдар тараган убактан кийинки убакта өткөрүлүп туруусу эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бала-бакча башчысы Султанбек кызы Жазгүлгө жана айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Кара-Коюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Карагулов |