Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-февралы № 23/1
Үч-Төбө айылдык Кеңешинин депутаты Т. Акматовдун өз арызынын
негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн
мурда токтотуу жөнүндө жана Үч-Төбө айылдык кенешинин
кезектеги шайланган талапкерин депутат деп таануу жөнүндө
Үч-Төбө айылдык Кеңешинин регламентинин негизинде Үч-Төбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айылдык Кенешинин депутаты Акматов Таалайбек Эрмекбаевич Аймактык шайлоо комиссиясына арыз жазганына байланыштуу ,Аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 17-январындагы № 1 чечиминин негизинде депутаттык мандаты токтотулсун.
2. Үч-Төбө айылдык Кеңешинин кезек боюнча жогорку добуш алган депутаттыкка талапкер Токтомамат уулу Нурмухамедге бош калган депутаттык мандатын ыйгаруу жөнүндө Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Шамшиевага тапшырылсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |