Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2015-жылдын 4-февралы № 23/7
Алай районундагы, Алай өз алдынча баланстагы
токойчулугунун “Алай токой чарбасы” статусуна
которуу жөнүндө
Алай районунун аймагында ,Алай өз алдынча баланстагы токойчулугуна караштуу жалпы аянты 130169,3 гектарды түзгөн Гүлчө,Алай,Бүлөлү мастердик участкалары жайгашкан ,жер аянты боюнча Ош облусундагы токой чарбалардын ичинен эң ириси болуп эсептелет.
Алай өрөөнүндөгү токой тилкелеринин сакталышына ,ийне жалбырактуу арча,карагай көчөттөрүн өстүрүүгө ,питомниктердеги көчөттөрдүн ар түрдүүлүгүн жана санын көбөйтүүгө өбөлгө түзүү,райондун аймагындагы экологиялык абалды турукташтыруу жана токой тармагындагы иштерди жакшыртуу максатында Үч-Төбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алай районундагы Алай өз алдынча баланстагы токойчулугун өнуктүрүү, райондун аймагындагы экологиялык абалды турукташтыруу жана токой тармактарындагы иштерди жакшыртуу максатында Алай районундагы Гүлчө ,Алай жана Бүлөлү мастердик участкаларынын жана жээктерди бекемдөөчү Гүлчө дарыя бойлорундагы токой тилкелеринин базасында Алай токой чарбасын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Алай районундагы Гүлчө, Алай жана Бүлөлү мастердик участкаларынын жана жээктерди бекемдөөчү Гүлчө дарыя бойлорундагы токой тилкелеринин базасында, Алай токой чарбасы статусун ыйгаруу маселесин чечип берүү жагы тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |