Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 25/4
Айыл өкмөтүнүн Кичи-Каракол,Ак-Жай
айылдарындагы ичүүчү таза суунун
абалы жөнүндө
Үч-Төбө айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи-Каракол, Ак-Жай айылдарындагы ичүүчү таза-суу түтүкчөсү айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
Кичи-Каракол, Ак-Жай айылдарындагы ичүүчү таза-сууну өз убагында иштетип элди камсыз кылуу жагы, сууну чыгарууда эмгектенген жамаатка милдеттендирилсин.
2. Таза-сууну чыгарууда суу түтүкчөлөрү жана башка керектелүүчү жабдуулар эскиргендигине байланыштуу суу чыгарууда керектелүүчү запастык бөлүктөрдү алууга айыл –өкмөтүнүн кириш булактарынан каражат бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевадан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, салык жана экономика саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |