Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 27/2
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Алай айылына
мечит салуу үчүн жер берүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Туркбаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап
Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Алай айылынын тургуну Жолдошов Бактыбектин макулдугунун негизинде,жеке менчик короо жайынан 00,6 жер мечит салуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп,тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай архитектура жана шаар куруу башкармасынан,ошондой эле райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармасынан суралсын.
3. Ушул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Туркбаевге милдеттендирилсин.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |