Редакцияот 25.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Зергер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2014-жылдын 25-июну № 49

Кайрат айылынын Сай- Көчөсүнө Исаков Убайдиланын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Зергер айылдык Кеңешинин кезексиз 10-сессиясы Кайрат айылынын 2014-жылдын 22-июнундагы жалпы элдик жыйынын сунушун карап чыгып жана «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын сунунушунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайрат айылынын Сай-Кочо көчөсүнө эмгек ардагери маркум Исаков Убайдиланын ысмы берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Зергер айылдык

Кеӊешинин төрагасы:

 

Т.Ибраимов