Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-октябры № 92
Жаңы окуу жылына карата мектептердин, балдар бакчаларынын жана музыкалык мектептердин даярдыгынын абалы жана кышка даярдыгы жөнүндөгү маселени талкуулап чыгып, Куршаб айылдык Кеӊешинин (бешинчи шайланган) кезектеги XVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын жана музыкалык мектебинин жаны 2014-2015- окуу жылына карата даярдыгы канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2014-2015- окуу жылына карата мектептерди жана бала бакчаларды жогорку денгээлде чыгармачылык менен даярдаган деп төмөндөгү мектептер жана бала бакчалар белгиленсин
А.Тангатаров атындагы мектеп гимназиясы
В.И.ленин атындагы орто мектеби «Наристе» балдар бакчасы
3. К.Эрматов атындагы орто мектебинин жаны окуу жылына карата даярдыгында айрым кемчиликтери эске алынсын.
4. Мектептердеги белгиленген кемчилдиктерди, көйгөйлүү маселелерин чечүү жагы мектеп директорлоруна жана айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кенешинин билим берүү жана саламаттыкты сактоо ,социалдык маселелер (тил,каада-салт,дин) боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Ахунов
|