Редакцияот 12.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айыл округунун айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезексиз XVII отурумунун

 

2014-жылдын 12-ноябры № 93 

Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу  № 5 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү  мекемесин  капиталдык ремонттон өткөрүү  үчүн акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндө

Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу № 5  «Наристе» мектепке  чейинки билим берүү мекемесинин ата-энелеринин жалпы чогулушунун  чечиминин жана дем берүүчү гранттын  жобосунун негизинде Куршаб айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу № 5 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү мекемесин капиталдык ремонттон өткөрүү жана санитардык инфраструктурасын оңдоо  үчүн айыл өкмөтүнүн  бюджетинин эсебинен проектте жазылган  сумманын 10% пайызы  бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы:

 Т. Ахунов