Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-июну № 81
Муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын Дарылоо-ден-соолукту чыңдоо бирикмесинин 2008-жылдын 12-декабрындагы № 1081 жана 2009-жылдын 19-декабрындагы № 1097, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун 2008-жылдын 22-декабрындагы № 01\422, Нарын троллейбустук депонун 2009-жылдын 26-январындагы № 1\8 жана Бишкек троллейбус башкармалыгынын 2009-жылдын 8-апрелиндеги № 10А-09\104 жазуу түрүндөгү кайрылууларын эске алып, Бишкек шаардык кеңеш, токтом кылат:
I. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзам тартибинде төмөндөгүлөргө уруксат берилсин:
1) Нарын троллейбустук депосуна кайтарымсыз пайдаланууга кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча комиссия менен төмөндөгүлөрдү өткөрүп берүүгө:
- 1989-жылы эксплуатацияга киргизилген, инвентардык № 1068, баланстык баасы-82800 сом, 2009-жылдын 1-январына карата калдык баасы-373,73 сом - 1 бирдик троллейбус;
- 1990-жылы эксплуатацияга киргизилген, инвентардык № 2088, баланстык баасы-78440 сом, 2009-жылдын 1-январына карата калдык баасы-2572,8 сом - 1 бирдик троллейбус.
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын Дарылоо-ден-соолукту чыңдоо бирикмесине кайтарымсыз пайдаланууга кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча комиссия менен төмөндөгүлөрдү өткөрүп берүүгө:
- оорулуунун керебети (электрдик) - 2007-жылы эксплуатацияга киргизилген, заводдук № С313АG 4463, инвентардык № 013020241, баланстык баасы-314545,76 сом, 2009-жылдын 1-январына карата калдык баасы-249015,38 сом - 1 бирдик;
- соргуч (ашказан-ичеги-карын дренажы) - 2007-жылы эксплуатацияга киргизилген, заводдук № 5929, инвентардык № 01305441, баланстык баасы 18019,04 сом, 2009-жылдын 1-январына карата калдык баасы-12060,75 сом 1 бирдик;
- монитор-рекардер (талаалык) - 2007-жылы эксплуатацияга киргизилген, заводдук № 29343АОО1940, инвентардык № 01302664, баланстык баасы 75262,42 сом, 2009-жылдын 1-январына карата калдык баасы - 50174,96 сом - 1 бирдик.
II. Бишкек шаардык каржы башкармалыгы 2009-жылга Бишкек шаарынын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Нарын троллейбустук депосуна кайтарымсыз пайдаланууга берилүүчү жогоруда көрсөтүлгөн троллейбустарды капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 707400 сом өлчөмүндө акча каражатты карап чыксын.
III. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Суракматов
|