Бишкек шаардык кеңешинин
2024-жылдын 29-августундагы № 150
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-июну № 77
Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 55 "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик-укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо боюнча ишти натыйжалуу уюштуруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери бекитилсин (тиркелет).
2. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 48 "Бишкек шаарын көрктөндүрүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри В.В. Корниенкого жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Суракматов |