Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ
Бишкек шаардык Юстиция башкармасында 2008-жылдын30-октябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 23-1-08 Бишкек шаары2008-жылдын 29-сентябры N 417 БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ Бирдиктүү борбордук-диспетчердик кызматты түзүүжөнүндө Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 18- февралындагы N 418 "2008-2010-жылдарга карата Бишкек шаа- рында транспортту өнүктүрүү Концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, линияларда иштеген автобус, троллей- бус жана микроавтобустардын сандык жана сапаттык курамы боюнча берилүүчү эксплуатациялык маалыматтардын объективдүү- лүгүн камсыз кылуу максатында, токтом кылам: 1. 2008-жылдын 1-октябрынан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын алдында бирдиктүү Борбордук -диспетчердик кызмат түзүлсүн. 2. Борбордук-диспетчердик кызмат эксплуатациялык диспетчердик кызматтарды көрсөтүүнү жана шаардык каттамдарда автобустардын, троллейбустардын жана микроавтобустардын иштерин контролдоону камсыз кылуучу бирдикт?? орган деп аныкталсын. 3. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалы (Малабаев А.Дж.): -бардык контролдук-диспетчердик пункттарды бул токтомго ылайык келтирсин; - контролдук-диспетчердик пункттары бар бардык жерде (Бишкек троллейбус башкармалыгы, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишка- насы, "Акжолтой" ААКсы) автобустардын, троллейбустардын жана микроавтобустардын иштери күн сайын диспетчердик контролдон өтүшүн камсыз кылсын; - бул токтомду Бишкек шаарынын Адилет башкармалыгында каттоодон өткөрсүн жана аны белгиленген тартипте жарыяласын. 4. Бишкек шаарынын мэриясынын 2002-жылдын 25-июлундагы N 594 токтому күчүн жоготту жеп эсептелсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо вице-мэр З.И.Бекбоевгежүктөлсүн. Бишкек шаарынын мэри Н.Тюлеев