Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ
Бишкек шаардык Адилет Башкармасында 2008-жылдын 30-декабрындакаттоодон өткөн. Каттоо номери № 28-1-08 Бишкек шаары2008-жылдын 5-декабры № 542 БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ Бишкек шаарындагы автотоктотмолорду жана автокоюларды уюштурууга байланышкан маселелер жөнүндө Азыркы көчө - жол тармагынын транспорттук инфраструктурасынӨнүктүрүү максатында, автотранспорттун ылдамдык режимин оптимизациялоо,жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөрдүн өткөрүү жөндөмүн жакшыртуужана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн, Кыргыз Республикасынын"Жергиликтүү өзалдынча башкаруусу жана жергиликтүү мамлекеттик администра-циясы жөнүндө" мыйзамынын 18, 39-статьяларынын жана Кыргыз Республикасынын"Автомобилдик жолдор жөнүндө" мыйзамынын 7, 27-статьяларынын негизинде:токтом кылам:1. Шаардын көчөлөрүндөгү автотранспорттук (анын ичинде меймандар-дын) каражаттарынын жолдун жээгинде тосмолорду орнотуусуз жана кирүүсүжана чыгуусу жок автотоктотмолорун жана автокоюуларын уюштуруу токтотулсун. 2. Муниципалдык менчик башкармалыгы (Бейшенбаев Р.К.), Жол курулушбашкармалыгы (Алыкулов К.К.), Бишкек шаарынын ИИББнын МАИБсы (Сатаров Т.С.)жана Бишкекбашкыархитектура (Турсунбаев О.А.) менен бирдикте бир айлыкмөөнөттө: -Бишкек шаарынын муниципалдык жолдорун пайдалануунун жана сактоонунэрежелерин; -айрым кесилиштердин жана магистралдык багыттардын өткөрүү жөндөмүнжогорулатуучу локалдуу реконструктивдик иш-чаралардын программасын иштепчыксын жана Бишкек шаарынын мэриясына берсин. 3. Бул токтом Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгында катталсынжана массалык маалымат каражаттарында жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо вице-мэр А.В. Филатовгожүктөлсүн. Бишкек шаарынын мэри Н.Тюлеев