Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 21-февралы № 426
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 7-декабрындагы № 147 "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга Бишкек шаарынын муниципалдык менчик жерлеринен юридикалык жана жеке жактарга жер участогуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жеңилдетилген типтеги объекттердин ишин жана иштөөсүн тартипке келтирүү, шаардык бюджетти жана Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялардын бюджеттерин толтуруу, Бишкек шаарындагы чакан жана орто ишкерликти стимулдаштыруу жана колдоо максатында, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 7-декабрындагы № 147 "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга Бишкек шаарынын муниципалдык менчик жерлеринен юридикалык жана жеке жактарга жер участогуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга Бишкек шаарынын муниципалдык менчик жерлеринен юридикалык жана жеке жактарга жер участогуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары жер маселелери боюнча комиссиялар жөнүндө жобону жана жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторуна типтүү ижара келишимин иштеп чыксын жана бекитүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясына берсин";
- 7-пункттагы "Г.П.Шилов жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри И.П.Клименко" - деген сөздөр "Т.М.Мамбетов жана Бишкек шаарынын вице-мэри - А.В.Филатов" - деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- 2-7-пункттар тийиштүү 3-8-пункттар болуп эсептелсин;
- 1, 2, 3, 4-тиркемелер алынып салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Мамбетов) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
А. Осмоналиев |