Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жыл 8-октябрь №118
Ош шаарындагы туристтик фирмалардын абалы жана туризмди ѳнүктүрүү жѳнүндѳ
Ош шаарындагы туристтик фирмалардын абалы жана туризмди ѳнүктүрүү жѳнүндѳгү депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин социалдык-маданий ѳнүктүрүү жана жаштар иштери маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчѳсү Р.Маметовдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндѳ айтылган депутаттардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ош шаарындагы туристтик фирмалардын абалы жана туризмди ѳнүктүрүү жѳнүндѳгү депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин социалдык-маданий ѳнүктүрүү жана жаштар иштери маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчѳсү Р.Маметовдун маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарында туризмди ѳнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жетишсиз деп эсептелсин.
3.Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) шаарда туризмди ѳнүктүрүү боюнча атайын иш-чаралардын планын бекитип, аны аткарууну камсыз кылуу;
- туризм тармагын координациялоо үчүн аны конкреттүү структурага бекитип, туризмди ѳнүктүрүү маселелери боюнча анын жоопкерчилигин камсыз кылуу;
- шаарда туризм тармагын ѳркүндѳтүү менен жергиликтүү бюджеттин кѳлѳмүн кѳбѳйтүү жолдорун жана Ош шаары жѳнүндѳ китеп чыгаруу маселесин карап чыгуу;
- генерал Исакбек Монуевдин эстелигин муниципалдык менчикке ѳткѳрүү маселесин карап чыгуу тапшырылсын.
Аткарылган иштер боюнча ар бир кварталда депутаттардын Ош шаардык Кеӊешине жазуу жүзүндѳ маалымат берилип турсун.
4.Ош шаарында жайгашып, бирок Ош областына баш ийген маданият жана туризм мекемелерин үйрѳнүп чыгып, аларды Ош шаарынын карамагына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ жогорку жактагы тийиштүү инстанцияларга кайрылуу жасоо максатында, шаардык Кеӊештин депутаттарынан, шаардык мэриянын кызматкерлеринен жана тиешелүү адистерден турган жумушчу топ түзүлсүн.
5. Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин аппаратына (З.Сасыкбаев) шаардык Кеӊештин атынан Ош шаарында жайгашкан "Кыргызстан" кинотеатрын Ош шаарынын карамагына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ жана Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигине кайрылуу даярдоо;
-депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги он бешинчи сессиясына чакырылып, бирок анда катышпаган жетекчилердин тизмелерин тактап, шаардык муниципалдык кызматкерлердин этикасы боюнча комиссиянын кароосуна киргизүү тапшырылсын.
6.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин социалдык маданий ѳнүктүрүү жана жаштар иштери (А.Токтомаматов), ошондой эле жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести ѳнүктүрүү, инвестиция жана туризм (А.Иминов) маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссяларына жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | Д.Алимбеков
|