Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009- жылдын 8-октябры № 121
Ош шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежесине
ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
Ош шаардык ѳрткѳ каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын 2009-жылдын 31-июлундагы №8-2-375а катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2009-жылдын 8-сентябрындагы №14-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2007-жылдын 10-августундагы №248-токтому менен бекитилген Ош шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежесинин II бѳлүкчѳсүнүн, 2.1 бѳлүмүнүн, 25 беренесине тѳмѳндѳгүчѳ ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин:
- Ош шаардык ѳрткѳ каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын карамагындагы 1,08га ѳлчѳмдѳгү жер тилкесинен 40 сотых ѳлчѳмдѳгү жер тилкеси зыяндуулугу III-IV класстагы коммуналдык мекеме аймагынан (К-1), уй жаныбарларын кармоого шарты бар жеке турак жай куруу аймагына (Ж-1А) ѳткѳрүлсүн.
2.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеӊешинин тѳрагасы | Д.Алимбеков
|