Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-октябры № 128
Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2007-жылдын 15-февралындагы XXII сессиясынын №204 "Ош шаарынын Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу боюнча келип түшкѳн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жѳнүндѳ" токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ
Ош шаардык мэриясынын 2009-жылдын 24-сентябрындагы №334/10-07 "Ош шаарынын Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу боюнча келип түшкѳн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиясынын курамынан комиссиянын тѳрайымы жумуштан бошоп кеткендигине жана айрым мүчѳлѳрүнүн ѳзгѳрүлгѳндүгүнѳ байланыштуу депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясында мурда кабыл алынган токтомго тиешелүү ѳзгѳртүүлѳрдү киргизип берүү жѳнүндѳгү ѳтүнүч катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен "Ош шаарынын Ардактуу атуулу жѳнүндѳгү" жобосунун III бѳлүмүнѳ ылайык депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ош шаарынын Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу боюнча келип түшкѳн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиясынын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2007-жылдын 15-февралындагы XXII сессиясынын №204 "Ош шаарынын Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу боюнча келип түшкѳн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жѳнүндѳгү" токтом күчүн жоготту деп эсептелинсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеӊешинин тѳрагасы |
Д.Алимбеков |
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2009-жылдын 8-октябрындагы кезектеги XV сессиясынын № 128-токтомуна № 1-тиркеме
КОМИССИЯНЫН КУРАМЫНЫН ТИЗМЕСИ:
1.Аланов А.А. - Ош шаарынын биринчи вице мэри, комиссиянын търагасы;
2.Бекенов И.А. - Ош шаардык мэриянын уюштуруу иштери жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу бѳлүмүнүн башчысы, комиссиянын секретары;
КОМИССИЯНЫН МҮЧѲЛѲРҮ
3. Хакимов А. - Ош шаардык Кеӊешинин депутаты;
4. Кокочоров Д.К. - Ош шаардык Кеӊешинин депутаты;
5. Сабиров Т.Н. - Ош шаардык Кеӊешинин депутаты;
6.Сасыкбаев З.М. - Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин аппарат жетекчиси;
7.Апиев Р.К. - Ош шаардык мэриянын юристи;
8.Алдагулов Т. - "Ош шамы газетасынын" башкы редактору;
9.Ходжаев А. - Ѳзбек улуттук борборунун тѳрагасы;
10.Жалиев Б. - Кыргыз Республикасынын сүрѳтчүсү;
11.Жусубалиев И. Ж. - Ош шаардык согуштун жана эмгектин ардагерлер Кенешинин тѳрагасы;
12.Нуралиев А.Ж. - Ош шаардык аймактык оорукананын директору.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин аппарат жетекчиси | З.Сасыкбаев |