Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-октябры № 130
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине, Ош шаардык мэриясынан, Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкулап, шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 15-июлундагы №15, 2009-жылдын 17-августундагы №16, 2009-жылдын 18-сентябрындагы №17-токтомдорунун жана 2009-жылдын 6-октябрындагы 18-токтомдорунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 15-июлундагы отурумунун №15-токтомунун негизинде 50,0 миң сом өлчөмүндө, 2009-жылдын 27-августундагы отурумунун №16-токтомунун негизинде
7 миллион 161041 сом, 2009-жылдын 18-сентябрындагы отурумунун № 17-токтомунун негизинде 12 миллион 516714 сом жана 2009-жылдын 6-октябрындагы отурумунун № 18- токтомунун негизинде 1 миллион 830 миң 72 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Сулайман-Ата аймактык Кеңешинин Ленин көчөсүн газдаштырууга бөлүнгөн 130,0 миң сом акча каражатын Ленин, Алебастров жана 8-март атындагы көчөлөрүн оңдоо үчүн жумшоого уруксат берилсин.
3. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) депутаттардын Ош шаардык Кеңеши менен биргеликте Ош шаарынын № 9-Амир-Темур аймактык Кеңешинин аймагында өрт өчүрүүчү бөлүмдү ачуу жана кармоого кетүүчү 936333 сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин 2010- жылдагы бюджетине киргизүү маселеси боюнча аталган министрликке кайрылуусу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |