Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-октябры № 131
Ош шаарынын мэриясынын автогаражынын балансына бир даана автобус өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 24-сентябрындагы № 335/10-07-
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк маданий мурастардын тизмесине киргизилгендигине байланыштуу шаарыбызга жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден, ар түрдүү Эл аралык уюмдардан келүүчү конокторду тейлөө үчүн Ош муниципалдык автотранспорт мекемесинин балансынан Ош шаарынын мэриясынын автогаражынын балансына бир даана автобусту өткөрүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, ошондой эле аталган маселе боюнча сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарына келген ар түрдүү деңгээлдеги конокторду тейлөө үчүн Ош муниципалдык автотранспорт мекемесинин балансынан Ош шаарынын мэриясынын автогаражынын балансына бир даана автобусту өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |