Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-октябры № 132
Ош шаарынын экономикалык тармактарынын жана калкынын 2009-2010-жылдардагы кыш-күз мезгилине карата даярдыктары жөнүндө
Ош шаарынын экономикалык тармактарынын жана калкынын 2009-2010-жылдардагы кыш-күз мезгилине карата даярдыктары боюнча вице-мэр М.Мамасадиковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын токтомун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын экономикалык тармактарынын жана калкынын 2009-2010-жылдардагы кыш-күз мезгилине карата даярдыктары боюнча вице-мэр М.Мамасадиковдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Оштогу жылуулук-электр борборуна (А.Аттокуров) 2009-2010-жылдарда шаарда кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча мекемени жаратылыш газы жана мазут менен толук көлөмдө камсыздоо жана жылуулук тармактарынын түтүктөрүн изоляциялоо жумуштарын тийиштүү деңгээлде аткаруу милдеттендирилсин.
3. "Жылуулук камсыздоо" райондор аралык бирикмесинине (К.Алишеров) жылуулуктан пайдалангандардын дебитордук карыздарын кыскартуу жана жоюу боюнча иш чараларды күчөтүү милдеттендирилсин.
4. Ош райондук электр тармактарына (РЭС) (Н.Садыков) трансформатордук подстанцияларга талапка жооп берген предохранителдерди орнотуу, трансформатордук подстанцияларды жетиштүү деңгээлде май менен камсыздоо, аба зымдары тартылган жерлерде ток өткөрүүчү зымдарга жакын өскөн дарактардын бутактарын кестирүү милдеттендирилсин.
5. Шаардык газчарба башкармалыгына (М.Аматов) жаратылыш газын пайдалануучуларга жеткирүүдө анын жоготуу көлөмүн кыскартуу, ошондой эле дебитордук карыздарды жоюу боюнча кескин чараларды көрүү жана жаратылыш газын пайдалануучуларга сатууну карталык эсеп системасына өткөрүүнү тездетүү милдеттендирилсин.
6. Шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Балтабаев) мектептердин ички жылытуу системаларын тийиштүү деңгээлде даярдоо, мектептерди жана балдар бакчаларын жетиштүү өлчөмдө көмүр менен өз учурунда камсыздоо милдеттендирилсин.
7. Шаардык аймактык ооруканага (А.Нуралиев) оорукананын №1-филиалындагы жылуулук түтүктөрүн талапка ылайык изоляциялоону камсыз кылуу милдеттендирилсин.
8. Оштогу муниципалдык турак-жай мекемесине (Э.Аралиев) аймактык Кеңештердин, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары менен биргеликте кышка даярдык көрүү маселесинин маанилүү экендигин калкка жеткирүү жана көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук системаларын оңдоо боюнча иш алып баруу милдеттендирилсин.
9. Ош шаардык жолдор башкармалыгы (А.Бердигулов), шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу башкармалыгы (Б.Кудайбердиев), ДЭП-21 мекемеси (А.Турдукулов) кыш мезгилинде жолдорду сапаттуу тейлөө максатында инерттик материалдарды жетиштүү деңгээлде камсыз кылсын.
10. Ош шаарынын аймактык кеңештери (М.Омурзаков) алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү маанилүү экендиги, электр энергиясын үнөмдүү жана максаттуу пайдалануу, көмүрдү убагында камдоо жөнүндө жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу жана жолугушуу жолу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
11.Бул токтомдун аткарылып жатышы боюнча жазуу жүзүндө маалымат шаардык мэрия, тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан жылытуу мезгили аяктаганга чейин депутаттардын Ош шаардык Кеңешине ай сайын берилип турсун.
12.Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекси жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |