Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-октябры № 133
Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 1-октябрындагы №340/01-07-каты менен таанышып жана аны талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" мыйзамынын 27-беренесинин 14-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы №566- токтомунун "Ош шаардык мэриясынын аппаратынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" №4-тиркемесинин, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 6-октябрындагы №3-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмү бекитилсин.
2. Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын штаттык саны бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кенешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |