Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8- октябры № 135
Япония мамлекетинин өкмөт тарабынан берилген гранттын негизинде Ош шаарына троллейбус сатып алууга кеткен кредиттин айып санкциясын жоюу жана реструктуризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеӊешине кайрылуу жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2009-жылдын 1-октябрындагы № 344/06-07- Япония мамлекетинин өкмөтү тарабынан берилген гранттын негизинде Ош шаарына троллейбус сатып алууга кеткен кредиттин айып санкциясын жоюу жана реструктуризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеӊешине Ош шаардык Кеӊешинин депутаттарынын атынан кайрылуу өтүнүчүн жолдоо жөнүндөгү катын талкулап Ош шаардык Кеӊештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 6-октябрындагы отурумунун № 19-токтомунун негизинде ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Япония мамлекетинин өкмөтү тарабынан 2002-жылы берилген гранттын негизинде Ош шаарына 8 даана троллейбус сатып алууга кеткен кредиттин 2004-2007 жылдар аралыгындагы 5 млн. 844680сом айып санкциясын жоюп берүү жана реструктуризациялоо жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана Жогорку Кеӊешинен суралсын жана Ош шаардык Кеӊешинин депутаттарынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеӊешине бул маселе боюнча кайрылуу жөнөтүлсүн (кайрылуу тиркелет).
2. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) аталган айып санкцияларды жоюу боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеӊеши менен иш алып баруусу милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеӊештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеӊешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |