Загрузка документа…
| Кара-Балта шаардык Кенештин токтому менен 17-сентябрь 2009-жылы № 4
|
Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык
жергиликтүү жамаатынын Уставы
Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы
Кара-Балта шаардык кеңеши:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына, КР Мыйзамына «Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө», башка мыйзамдар жана укуктук-ченем актыларына таянат;
- Шаардын жарандарына жана шаардын меймандарына татыктуу эмгектенип, эс алуусуна шарттады түзүү максатын көздөйт;
- Биздин аймакта биримдикти, коомдук жана жеке кызыкчылыктын эриш-аркакта болушун, атуулдук келишимди, коомдук тартипти, тынчтыктын болушун камсыз кылууга аракеттенүү;
- Демократиялуу, ишкердүү жана маданий деңгээли бийик жамаатты чечкиндүүлүк менен өркүндөтүүнү жүзөгө ашыруу;
- Адамзаттын атуулдук ариет баалуулуктарын даңазалоо;
- Бардык элдер менен тынчтыкта, ынтымактуулукта, жаратылыш менен таттуу мамиледе болуп, улуттук ар намысты коргоп жана гумандуу, кеңпейил, чыдамкай болуу деген өзүбүздүн ата-бабаларыбыздын улуу осуяттарына берилгендигибизди тастыктап жашоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоону, анын мыйзамдарын сактоону, ошондой эле жергиликтүү жамааттын жана анын башкаруу органдарынын өркүндөп өсүшүнө жана өзалдынчалуулугуна сөзсүз түрдө көмөктөш болуп, каалоолорубузду даңазалоо менен;
Бул Уставды кабыл алат.
1. Жалпы жобо
1. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы
- Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын ишинин уюштуруучулук жана укуктук, экономикалык, мүлктүк негиздерин бекемдеп, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик, эл аралык уюмдар, ишканалар, коомдук бирикмелер жана жергиликтүү жамаат менен байланышты түзүүчү Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын негизги укуктук актысы.
2. Устав Кара-Балта шаарынын бардык аймактарында колдонулат.
3. Бул Устав Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын сунуш-талаптарынын жана каалоолорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Конституциясына ылайык иштелип чыккан.
4. Жергиликтүү жамааттын өзүнүн символикасы боло алат.
5. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын ыйгарым аталышы:
«Кыргыз тилинде- «Кара-Балта шаардык кеңеши»;
«Орус тилинде- «Кара-Балтинский городской кенеш»
«Кыргыз тилинде-» Кара-Балта шаардык башкармасы»
«Орус тилинде- «Кара-Балтинская городская управа».
6. Кара-Балта шаарынын өзалдынча башкаруу органынын уюштуруу-укуктук формасы- мекеме.
7. Менчигинин түрү-муниципалдык.
8. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы, Кыргыз Республикасындагы башка банктарында өзалдынча баланска ээ болгон эсептик счеттору бар юридикалык жак болуп эсептелет.
9. Кара-Балта шаарынын аймактык чеги, ошондой эле аталышы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилет. Ал эми, Кара-Балта шаардык кеңеши менен аймактык коомдук өзалдынча башкаруу жана башка өзалдынча уюштурулган калктар, шаар башчысынын кат менен кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
2. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамааты
1. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатын шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жалпы бир кызыкчылык менен жоопкерчиликте өкүлчүлүктүү, аткаруучу-тескөөчү органдары аркылуу өз жоопкерчилиги астында чечүү үчүн жалпы таламдары боюнча бириккен Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
1.1. Жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашырууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуусу жергиликтүү маанидеги бардык маанилүү маселелерди жергиликтүү жамаатын мүчөлөрүнүн жыйындарында, чогулуштарында, курултайларында, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аркылуу жүргүзүлөт.
1.2. Жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашырууга жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү катышуусу Кара-Балта шаардык кеңеши аркылуу жүргүзүлөт.
2. Жергиликтүү жамаатын мүчөлөрү, 18 жаштан жогоркулар, жарандар жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызмат абалына, динге болгон мамилесине, коомдук бирикмелерге таандык болгонуна карабастан жергиликтүү өзалдынча башкарууну түздөн-түз да, ошондой эле өзүнүн өкүлдөрү аркылуу да жүзөгө ашыруу укуктарына ээ.
3. Жергиликтүү жамааттар эл аралык союздарга жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укуктуу, бирок мында мамлекеттин атынан чыга албайт.
4. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги иштер боюнча кеңештин отурумунда укук актыларынын долбоорлорунда укук жаратуу демилгесине ээ. Көрсөтүлгөн долбоор, долбоорду сунуштаган ээсинин түздөн-түз катышуусунда каралууга тийиш.
3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ыйгарым
укуктары жана милдеттери
1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына шайлоого жана шайланууга:
- жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында же коомдук иштердин башталышында кесиптик (муниципалдык) деңгээлинин жөндөмдүүлүгүн жүзөгө ашыруу;
- жергиликтүү жамааттын жашоо-тиричилигиндеги маселелерди жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайланган өкүл аркылуу киргизүүнү сунуштайт;
- Тургундарды кабыл алууда жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын ошол жерге койгон талабы боюнча анын укугу, жана эркиндигине тиешеси бар жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын ченемдик-укуктук актылары менен таанышуу;
- Муниципалдык уюмдардын, мекемелердин ишканалардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан белгилеген жеңилдиктерин колдонуу;
- Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына алардын компетенциясына кирген бардык суроолор боюнча кайрылуу, коюлган маселелер боюнча жооп алууну талап кылуу, сунуштар менен кайрылуу;
- Курултайларга катышып, жарандардын жыйындарында, жергиликтүү жамаатын чогулуштарында, кеңештин сессиясынын ачык отурумунда талкууланган маселелер боюнча өз оюн эркин билдирүү жана сунуштарын киргизүү;
- Уставда каралган укук боюнча өз укугуна шек келтирген, басмырлаган кырдаал болсо, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органындагы тиешелүү адамга, ошондой эле укук коргоо же сот органдарына кайрылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган укуктарды пайдалануу.
- Жегиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттүүлүгү:
- Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Уставды колдонуу;
- Шаардын өз алдынча башкаруу органдарынын чечимине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген ыйгарым укуктарды аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана жергиликтүү жамааттын Уставынын бузулушуна, коомдук материалдык-руханий баалуулуктарга текебердик мамиле кылуусуна келишпестик мамиле жасоо;
- Коомдук тартиптин сакталышына үзүрлүү салым кошуу, эл аралык келишимдин, биримдиктин, тынчтыктын болушуна көмөктөш болуп, бири-бирин урматтап жана сыйлоосуна жетишүү;
- Айлана чөйрөгө аяр мамиле жасап, тарыхый маданий эстеликтердин, башка жетишкендиктерибиздин сакталышына көмөктөш болуп, вандализм фактыларына каршы туруу;
- Коомдук жүрүм-турумдун эрежелерин, тартипти, тазалыкты сактоо;
- Жашап жаткан короонун жака-белдерин жашылдандыруу, көрктөндүрүү;
- Жашап жаткан үйдүн жака-белдериндеги үйлөрдүн, батирлердин сакталышында курулуш тартиптин сакталышы, техникалык коопсуздуктун, санитардык чендердин талаптарын колдонуу;
- Жергиликтүү жамааттын мүлкүн, жерин суусун, башка жаратылыш ресурстарын, жылуулукту жана жарык берүүнү башка жылуулук берүүлөрүн үнөмдүү пайдалануу;
- Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана коммуналдык тейлөөлөрдү өз мөөнөтүндө төлөө.
4. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу
1. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү өз ара жардамдашуу, социалдык, экономикалык жана маданий милдеттерди биргелешип чечүү, өздөрүнүн укуктарын менен таламдарын кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында өз ишин координациялоо үчүн кичи райондорду жана комитеттерди, турак жай комплекстерин, үй, көчө, кварталдык комитеттерди, жамааттар жана башка өзалдынча уюшулган формаларда коммерциялык эмес уюмдарды түзүүнү максат кылат. Конкреттүү аталышты жана калк тарабынан биргелешкен уюмду жүзөгө ашыруу тартиби шаар башчысынын макулдугу менен устав жана жобо аркылуу аныкталат.
2. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу жобосунда-жамааттарда, үй, кварталдык комитеттерде, коом тарабынан жарандардын өзүнчө уюшулган уюму, Кара-Балта шаардык кеңешинен сөзсүз түрдө эсептик каттоодон өтөт.
3. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактын статусунун укугун алгандан кийин, устав жергиликтүү юстиция органынан каттоодон өтөт, ошону менен бирге шаар башкармалыгына эсептик каттоодон өтүүгө же андан ары биргелешип иштөө үчүн уставдын көчүрмөсү берилет.
4. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруунун бардык түрү өз ишин жүргүзүүдө жарандардын жыйындарында, аларды шайлоочуларына, өткөрүп берилген ыйгарым укуктары барларга, тиешелүү келишим түзгөндөргө отчёт берет.
5. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруунун өткөрүп берилген ыйгарым укуктарын жана иш аткарууларын жүзөгө ашыруу үчүн шаар башкармалыгы аркылуу оперативдүү башкармалыкка, чарбаны жетектөөчү башка объектилерге, турак жай, турак жай эмес фондго жана материалдык бөлүмгө, башка ресурстарга өткөрүп бере алат.
6. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу өзүнүн ыйгарым укуктары бар органдары жана өкүлдөрү аркылуу:
1) шаардык кеңештин, шаар башкармалыгынын иштеринде бардык аймактардын маселелерин талкуулоосуна катышуу;
2) шаардык кеңештин жана шаар башкармалыгынын чечимдерин жүзөгө ашырылышына көмөктөш болуу;
3) курултайлардын жана жарандардын жыйындарынын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;
4) көрктөндүрүү, ремонттоо, санитардык тазалоо иштерине кол кабыштык кылуу;
5) шаар башкармалыгы, мекеме, ишканалар, уюмдар, кооперативдик жана башка чарбалык субъекттер менен эриш-аркактыкта болуу;
6) шаар башкармалыгы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин ушул максатка каралган каражаттарын жана жеке финансылык ресурстарды пайдалануу менен өз аймагын көрктөндүрүү, турак жай фондун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объекттерди куруу жана оңдоо боюнча иштерди аткарууга заказчы катары чыгуу;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды аткаруу.
7. Аймактык коомдук өзалдынча башкаруу сөзсүз түрдө шаар башкармалыгы менен эриш-аркактыкта ишин жүзөгө ашырат.
5. Жергиликтүү жамааттын курултайы
1. Коомдук пикирдин кеңири катмарын эсепке алуу жана жашоо-турмуштук маанилүү маселелерди чечүүгө калкты катышууну уюштуруу максатында жергиликтүү жамааттардын курултайлары өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Уставынын негизинде өз ишин калктын атынан жүзөгө ашырат жана тескерисинче шаардын өзалдынча башкаруу органынын мамлекеттик менчиги-түзүлгөн келишимдин негизинде чечилет.
6. Кара-Балта шаарынын өзалдынча башкаруусу
1. Кара-Балта шаарынын өзалдынча башкаруусуна - шаардык Кеңеш, шаар башчысы, ошондой эле курултайлар жана жарандардын жыйындары тарабынан түзүлгөн аймактык коомдук өзалдынча башкаруунун ар кандай түрлөрү кирет.
2. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы өз ишин аймагынын калкынын атынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Уставдын негизинде жүзөгө ашырат.
3. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана жооптуу кызматчысы ыйгарым укуктарды чектөөнүн жана аны жүргүзүү предметтерин чектөөнүн тартибинин негизинде иш жүргүзүшөт. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын аталган мамлекеттик ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырыш үчүн зарыл болгон керектелүүчү материалдык жана финансылык ресурстар менен камсыздандырат.
4. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы өзалдынча өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык чечим кабыл алышат жана кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
5. Шаар башкармалыгынын аппаратынын кызматчылары жана жооптуу кызматчылары өз ишин Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жүзөгө ашырышып, муниципалдык кызматчы болуп эсептелишип, билим берүү, илимий - чыгармачыл иштер менен гана иштей алышышат жана башка айлык акы төлөнүүчү иштерде иштей алышышпайт.
7. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун принциптери
1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун ишинин принциптери:
- мыйзамдуулуктун жана социалдык адилеттиктин;
- өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу, өзүн-өзү каржылоо;
- мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын, иш милдеттерин чектөөнүн;
- кеңеш жана шаар башчысы аркылуу жарандардын эркин ошондой эле жарандардын жыйындарын, чогулуш, курултайларды уюштуруунун;
- жарандардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарды коргоонун;
- ачыктык жана коомдук ой-пикирлерди эске алуу;
- тиешелүү маселени чечүүдө коллегиалдуулукту, эркин чечүүнү;
- шаардык кеңештин жана шаар башкармалыгынын өзүнүн компетенциясындагы маселелерди көзкарандысыздык менен чечүүнү.
8. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органы мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү
мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери
1. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери функцияларды так аныктоо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияга мүнөздүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, конституциясында белгиленген ыйгарым укуктардын негизинде өз ара мамиледе болуу принцибинин негизинде түзүлөт жана Кара-Балта шаарынын өзалдынча башкаруусу, жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
2. Шаардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана мамлекеттик бийликтин органдары менен тыгыз байланышта болуп иш жүргүзөт, жарандардын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын конституциялык укуктарынын жүзөгө ашырылышына шарттарды түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө аларга ченемдик жана укуктук актыларга ылайык мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына аталган мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырыш үчүн зарыл болгон материалдык-финансылык каражаттарды өткөрүп берүү, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышы мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
4. Шаардын жерлерин колдонуу жана мамлекеттик органдардын муниципалдык менчиктерин жана тескерисинче, шаардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын мамлекеттик менчиги мамлекет менен келишип, келишимдин негизинде чечилет.
9. Жергиликтүү маанидеги маселелер
Шаардын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги төмөнкү маселелер берилет:
1) шаарды экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) шаардык бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) канализация жана тазалоо системасынын ишин камсыз кылуу;
6) муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жалпы коомчулук пайдаланган жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин камсыз кылуу жана ырым-жырым кызматтарын уюштуруу;
9) коомдук жайларда пайдаланылуучу жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулуштардын жана эс алуу жайлардын иштешин камсыз кылуу;
11) тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну, жок кылууну уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу шаардын чегараларында коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу;
13) шаардык маданий жана тарыхый ажайып жайларды коргоо;
14) шаардык китепканаларды уюштуруу, жана иштешин камсыз кылуу;
15) шаардын тийиштүү аймагында жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелерин белгилөө;
16) мыйзамга ылайык жарнамаларды жайгаштыруу;
17) коомдук тартаптин сакталышына көмөк көрсөтүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыктын өнүгүшүнө шарт түзүү;
19) эс алууну уюштуруу үчүн шарт түзүү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү уюштуруу;
21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шартты камсыз кылуу;
22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын залалдарын жоюуга көмөк көрсөтүү;
23) шаар ичин жылуулук менен камсыз болууну уюштуруу.
10. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өткөрүп берүү тартиби
1. Шаар башчысы шаардык кеңештин макулдугу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди аткарууну юридикалык жактан жана тике жактарга бир эле учурда жергиликтүү маанидеги өткөрүлүп берилип жаткан маселелерди аткаруу үчүн каражаттарды же каржылоо булактарын аныктоо жана берүү менен өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Шаар башкармалыгы тарабынан жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну өткөрүп берүү, андай өткөрүп берүү бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн максатка ылайыктуу болгон учурда жүргүзүлөт.
11. Кара-Балта шаардык кеңеши
1. Кара-Балта шаардык кеңеши- жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы, алар ушул Мыйзамда, шайлоо жөнүндө Кодексинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө жана алардын статусу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте төрт жылга түзүлөт.
2. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү кеңеши жашыруун добуш менен жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде шайланган 21 депутаттардан турат.
3. Шаардык кеңештин ишинин негизи уюштуруучулук-укуктук формасы болуп-сессия саналат. Сессияны өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
4. Шаардык кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран сессияларга жергиликтүү кеңеш бекиткен регламентке ылайык катышууга укуктуу. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга кирсе, шаардык кеңеш жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
5. Шаардык кеңеш сессиялардын мөөнөтү жана күн тартиби жөнүндө жарандарга алдын ала кабарлоо боюнча бардык чараларды көрүүгө, кабыл алган чечимдер жөнүндө жергиликтүү жамаатка жеткирүүгө милдеттүү.
6. Мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шаардык кеңештин өзүнүн карамагына таандык кылган маселелер боюнча шайлаган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин чечимдери токтом формасында чыгарылат жана ага кеңештин төрагасы кол коёт.
7. Шаардык кеңештин өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдери шаарда жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун аймактык органдары, ошондой эле менчигинин формасына карабастан ишканалар, уюмдар, мекемелер тарабынан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде милдетүү түрдө аткарылат.
8. Жергиликгүү кеңештердин адамдын жана жарандардын укуктарына, эркиндиктерине жана милдеттерине тиешеси бар ченемдик укуктук актылары юстиция органдарында каттоодон өткөрүлүүгө тийиш жана мыйзамга ылайык күчүнө кирет.
9. Шаардык кеңештин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу шаардык башкаруунун аппаратына жүктөлөт.
10. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы, же болбосо күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
12. Кеңештин төрагасы жана төрагасынын орун басары
1. Шаардык кеңештин төрагасы жана орун басары шаардык кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү менен депутаттардын ичинен кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат, өз милдеттерин коомдук башталыштарда аткарышат бирок кеңештин сессиясынын ишинин мезгилинде кеңештин төрагасы бир жолку компенсацияны алат. Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматынын ордуна талапкерди көрсөтүү тартиби, бошотуу маселелери жана башка жол-жоболору кеңештин регламенти менен аныкталат.
2. Шаардык кеңештин төрагасы:
- Пландуу жана плансыз кеңештин сессияларын чакырат;
- Сессияда ыйгарым укугунун чегинде регламентте каралгандарды жүзөгө ашырат жана төрагалык кылат;
- Шаардык кеңештин чечимдерине кол коет;
- ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик бийлик органдарында, мамлекеттик эмес коомдук башка уюмдарында жана чет мамлекеттеринде шаардын ишин жүзөгө ашырат,
3. Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын берүү жөнүндө өтүнүч кылат.
4. Кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жокто же өзүнүн милдеттерин аткара албаган учурда анын милдеттерин аткарат.
13. Шаардык кеңештин компетенциясы
1. Шаардык кеңештин компетенциясына:
1. жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2. жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
3. социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4. жергиликтүү салыктарга, жыйымдарга жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
5. мыйзам менен белгиленген шаардык жерлерге салыктын базалык ставкаларынын чектеринде жерлерге салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;
6. жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу;
7. шаардык кеңештин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо;
8. шаар башчысынын иши жөнүндө отчётту угуу;
9. мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
10. шаар башчысы өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн депутаттардын жалпы санынын добушу менен ишеним көрсөтпөө;
11. жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү;
12. жергиликтүү жамааттын символикалар жөнүндө жобосун бекитүү;
13. административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
14. кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
15. кеңештин регламентин кабыл алуу;
16. өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
17. Өкмөт аныктаган чечимдердин негизинде шаар башчысынын сунушу боюнча структурасын жана штаттык санын бекитүү;
18. муздак сууну канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
19. мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
14. Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
1. Сессияда кеңештин комиссиялары кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын-ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн, чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, бул чечимдерди Кара-Балта шаарына караштуу аймакта жайгашкан мекемелер менен уюмдардын аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт, кеңеш убактылуу комиссияларды түзө алат.
2. Комиссиялардын тизмесин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин кеңеш аныктайт.
3. Кеңештердин туруктуу жана туруктуу эмес комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун жана ишинин тартибин кеңештин регламенти менен аныкталат.
15. Кара-Балта шаар башкармалыгы
1. Шаарда жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу бийлигин шаардык башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн түзүлөт.
2. Шаардык маанидеги шаардын башчысын жергиликтүү өзалдынча башкаруу маселелери боюнча шаардык кеңешке, ал эми өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча мамлекеттик бийликтин жогорку турган органдарына отчет берет.
3. Шаар башчысы жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча, эреже катары альтернативдүү негизде райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким тарабынан сунуш кылынуучу талапкердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен кеңештин депутаттары тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
4. Шаар башчысын шайлоо Президент тарабынан дайындалат. Шаар башчысын шайлоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
5. Депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Шаар башчысын шайлоодо кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, ал болуп өттү деп эсептелет.
6. Шаар башчысы шайланбай калган учурда, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким башка талапкерди кайрадан сунуш кылууга укуктуу.
7. Шаар башчысына болгон талапкерди кеңештин депутаттары кайрадан шайлабаган учурда райондук мамлекеттик администрация башчысы-губернатор менен макулдашуу боюнча жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Президентке өтүнүч берет.
8. Шаар башчысынын кызмат ордуна жогорку билими жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде эки жылдык иш стажы бар Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жараны талапкер боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган Кыргыз Республикасынын жараны шаардын башчысы болуп шайлана албайт.
9. Шаар башчысы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими, облустук мамлекеттик администрациясынын башчысыгубернатору менен макулдашуу боюнча мыйзамдын чегинде мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
10. Шаар башчысы мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же ойдогудай эмес аткаргандыгы үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин сессиясынын макулдугу боюнча райондук жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу акылуу райондун мамлекеттик администрациянын башчысыаким тарабынын мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
11. Шаар башчысына кеңештин депутаттары ишеним көрсөтпөгөн учурда райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким аны ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.
12. Шаардын башчысына кеңештин депутаттары кайталап ишеним көрсөтпөгөн учурда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким аны ээлеген кызматынан бошотот жана шаар башчысын жаңыдан шайлоону дайындоо жөнүндө Президентке өтүнүч берет.
13. Шаардын башчысы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, жаңы башчы шайланганга чейин, анын милдетин шаардын башчысынын орун басары аткарат.
16. Шаардык башкаруунун компетенциясы
1. Шаардык башкаруу:
1. шаардын жашоо-турмушун камсыз кылуучу тутумдардын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштурат;
2. социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат;
3. шаардык бюджеттин долбоорун иштеп чыгат жана кеңеш бекиткенден кийин аны аткарат;
4. кеңештин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык ишин камсыз кылат;
5. тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
6. жерлерди, муниципалдык менчик объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, кеңеш бекиткенден кийин аларды жүзөгө ашырат;
7. ишканаларды менчиктештирүүгө жана тийиштүү органдар менен макулдашуу боюнча социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттардагы объекттерди, алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды баланска кабыл алууга катышат;
8. турак жай фондун, турак жай коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
9. курулуштун башкы планын иштеп чыгат жана ишке ашырат, архитектура жана шаар курулушунун ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат;
10. табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык, уюштуруучулук-иштиктүү иш-чараларды жүзөгө ашырат;
11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
17. Шаар башчысынын ыйгарым укуктары
1.Шаар башчысы:
1. шаардык башкарууга жетекчилик кылат жана алардын иштеринин натыйжасы үчүн белгиленген тартипте жооп берет;
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Өкмөттүн актыларынын, кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган анын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
3. шаар башкармалыгы өзүнүн компетенциясына тийиштүүлүгүнө жараша маселелер боюнча шаардын аймагында жайгашкан мекемелер, уюмдардын, алардын жооптуу адамдарынын, жергиликтүү аймактык коомдук өзалдынча башкаруусу жана жарандары аткаруучу токтомдорго жана буйруктарга кол коёт;
4. мамлекеттик бийлик жана өзалдынча башкаруу органдарында, Кыргыз Республикасынын коомдук жана башка уюмдарында, чет өлкөлөрдө тийиштүүлүгүнө жараша шаардын атынан иш алып барат;
5. кызматка киришкен күндөн тартып, үч айдан кечиктирбестен шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылат;
6. кеңешке шаар бюджетинин долбоорун бекитүүгө сунуш кылат, иштердин жалпы абалы, шаардык бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчикти пайдалануу, шаардык социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө кеңештин алдында жарым жылда бир жолудан кем эмес отчёт берет;
7. шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартууга көмөк көрсөтөт;
8. курултайда өзүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө калкка эки жылда бир жолудан кем эмес отчет берет;
9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
10. кеңешти чакырууну сунуштайт, анын ишинин жүрүшүнө катышат;
11. райондук маанидеги мекемелерди кошпогондо тиешелүү аймактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
12. мыйзамдарга ылайык шаар башчысынын орун басарын, башкаруунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана шаардык башкаруунун аппараттарынын кызматкерлерин дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга кызматтык жоопкерчилиги үчүн сыйлоо чаралары колдонулат;
13. шаар башкармалыгынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык курамынын санын шаардык кеңештин бекитишине жиберет;
14. кеңештин ыйгарым укуктарына кирген ыйгарым укуктарды кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды чечүү боюнча ыйгарым ууктарды жүзөгө ашырат жана аны жүзөгө ашырылышына жеке жоопкерчиликтүү болот.
15. белгиленген мыйзамдын чегинде мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана наамдарын ыйгаруу жөнүндө кат менен кайрылат;
16. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Уставына ылайык башка да ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
18. Шаар башчысынын орун басары
1. Шаар башчысынын орун басары шаар башчысынын милдетин ал жок мезгилде аткарат.
2. Шаар башчысынын орун басары шаардын башчысынын алдында өзү аткарган ыйгарым укуктар үчүн жооп берет.
19. Жоопкерчилик жана талаштарды чечүү
1. Ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын алдында жоопкерчиликтүү, анын ичинде алар өз аракеттери же аракетсиздиги менен калктын мудөөлөрүнө, жергиликтүү чарбага, курчап турган чөйрөгө келтирилген зыяндын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечимдерин аткарбагандыктын натыйжасында келтирген чыгымдарды толук көлөмдө төлөп берүү менен мүлктүк жоопкерчилик да тартышат.
2. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын (бирикмелердин), уюмдардын, мекемелердин жана жарандардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын аракетинин же аракетсиздигинин натыйжасында келип чыккан бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча талаштар, укукка сыйбаган аракеттердин натыйжасында келтирилген чыгымдарды толтуруу боюнча талаштар шаардын өзалдынча башкаруу органында чечилет,
3. Шаардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, мекеме, уюм, ишканалардын ошондой эле жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыгы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сот тарабынан камсыз кылынат.
20. Кара-Балта шаарынын өзалдынча башкарууда
финансылык-экономикалык негиздери
1. Кара-Балта шаарынын финансылык-экономикалык негиздерин түзүүчүлөр:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен шаарга бекитилип берилген салыктык жана салыктык эмес кирешелердин булактары;
- муниципалдык менчикти пайдалануудан келип түшкен кирешелер;
- насыялык жана финансылык ресурстар;
- кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр;
- баалуу кагаздар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүлүп берилген жаратылыш ресурстары;
- Шаар аймагында өз ишин жүргүзүшкөн мекемелер, уюмдар жана ишканалар;
- Кыргыз Республикасынын жана ушул Уставга каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды аткарууда.
2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жактар менен финансылык жана экономикалык маселелери, жергиликтүү бюджетти жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкары фонддорун түзүү жана аткаруу тартиби жана принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Кара-Балта шаарынын өзалдынча башкаруусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүгө, аларды кайра уюштуруунун жана жоюунун маселелерин чечүүгө укуктуу.
21. Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчиги
1. Жеке менчикте, мамлекеттик менчикте, уюм, мекеме, же башка белгиленген мыйзамдуу менчиктердин ээси болгон менчиктерден башка мүлктөрдүн бардыгы, шаарынын чегиндеги жер аянттары, анын ичинде жаратылыш объекттери Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын муниципалдык менчигинде болуп эсептелет.
2. Шаардын муниципалдык менчиги оперативдүү башкарууга, чарбалык иштерди жүргүзүүгө калктын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын түзүмүнө, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнө өткөрүлүп берилет.
3. Жалпы колдонуучу жерлер: аянттар, көчөлөр, жолдор, өткөөл жолдор, тротуарлар, парктар, токой-парктар, токойлор, скверлер, бакчалар, бульварлар, суу куймалары, жаратылыш эстеликтери, тарых жана маданият, ошондой эле шаар башчысынын көрсөтүүсү боюнча кеңеш менен бекитилген эс алуучу, тарыхыймаданий жайлары элибиздин байлыгы болуп саналат жана бөлүүгө болбойт, эгерде Кыргыз Республикасы тарабынан башкача каралбаса.
4. Шаардын кыймылсыз мүлкү аймактык каттоо боюнча, кыймылсыз мүлк Бирдиктүү мамлекеттик реестрине кыймылсыз мүлк аймагына кирет.
22. Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар
1. Кара-Балта шаарынын өзалдынча башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык жана тышкы экономикалык байланышты жүзөгө ашыруу укугуна ээ. Бул укуктун жүзөгө ашырылышы:
- шаардык жамааттын жалпы пайдасына багытталган эл аралык келишимдерден түзүлүп, аткарылышы, контракттардын жана башка иш аракеттердин жүзөгө ашырылышы;
- аймактагы жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы менен шаар, айыл кыштактар анын ичинен дүйнөлүк деңгээлде боордоштук жана кызматташуу жөнүндөгү келишимдин негизинде;
- шаардык жана муниципалдык, муниципал аралык башкаруунун кызматташуусундагы маселелерди чечүүгө багытталган эл аралык уюмдардын иштерине катышуу;
- эл аралык ассоциацияга, эл аралык союздарга, ассамблеяларга кирүүсү.
2. Шаар башчысы жана шаардык кеңештин төрагасы шаардын өкүлү болуп, протоколго, келишимге жана башка укук документтерге кол койгонго.
23. Жергиликтүү жамааттын сыйлыктары жана наамы
1. Кеңеш шаар башчысы менен бирдикте жергиликтүү жамааттын атайын сыйлыктары менен наамын белгилейт.
2. Жергиликтүү жамааттын сыйлыгын жана наамын берүү тартиби кеңеш менен аныкталат.
3. Шаардын каражатынын эсебинен жергиликтүү жамаат ыйгарган сыйлыктын наамдын ээлерин жеңилдикти кеңеш аныктайт.
24. Кара-балта шаарынын жамаатынын уставына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тартиби
1. Кара-Балта шаарынын жамаатынын Уставы, ошондой эле аларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча кабыл алынат.
2. Устав, ошондой эле аларга өзгөртүү жана толуктоолор депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3. Уставга, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор юстиция органынын корутундусунан кийин, кеңеш тарабынан кабыл алынат.
4. Устав юстиция органдарында каттоодон өткөрүлөт.
Шаар башчысы | О. Казакбаев |