Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2009-жылдын 6-октябрындагы №1
Шаардагы соода борборлорунун абалы жана керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин ишмердуулугу жөнундө
Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтуу департаментинин жетекчиси Ш. Мамашевдин маалыматын угуп, шаардагы соода борборлорунун ветеринариялык, санитардык-гигиеналык нормаларын сактоо, өрт коопсуздугунун алдын алуу жана соода борборлорунун абалын жакшыртуу максатында, онор-жай, ишмердуулук, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Тумановдун маалыматын эске алып, шаардык кенештин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин ишмердуулугу боюнча департаменттин жетекчисинин (Мамашев Ш.Т.) маалыматы эскертуулор, кошумчалар менен эске алынсын.
2. Онор-жай, ишмердуулук, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын (Туманов Т.Т.) маалыматы эске алынсын.
3. Борбордук базардагы муниципалдык жерлер, андагы соода орундары жана ага чектеш жерлер (Ж. Бакиев, Н. Айтматова, Чехов кочолорунун борбордук базардын дарбазаларына чейинки аралык) керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин оперативдуу башкаруусунан алынып, муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан беш жылга ижарага конкурстук негизде 2009-жылдын 15-ноябрына чейин берилуусу ошондой эле борбордук базардагы муниципалдык жерлер жана андагы соода орундары ижарага берилип жаткандыгына байланыштуу, керек-жарак рыногу жана кызмат корсотуу департаментинин штаттык бирдиктерин, бухгалтериясын токтомго ылайык кыскартуу жагы шаардык мэрияга жуктолсун.
4. Жалал-Абад шаардык кенешинин 5-сентябрь 2006-жылдагы кезектеги XX сессиясынын №6 токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.
5. Борбордук базардагы жеке менчиктеги соода орундарынан жана ага чектеш жерлерден
(Ж. Бакиев, Н. Айтматова, Чехов кочолорунун борбордук базардын дарбазаларына чейинки аралык) таштандыларды ташуу жана кузотуу учун жыйноолучу жыйым, ижарага берилген кундон тартып, ижарага алуучу тарабынан ишке ашырылсын.
6. Шаардын борборунда сатылып жаткан курулуш, чарбалык жана айыл чарба товарлары шаардын борборунан шаардык мэрия аныктаган жакка 2009-жылдын 15-ноябрына чейин шаардык мэрия тарабынан кочурулсун.
7. Шаардык мэрияга томонкулор милдеттендирилсин:
-шаардагы соода борборлорунун абалын жакшыртуу;
-онор-жай, ишмердуулук, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын 2009-жылдын 3-сентябрындагы тактамасындгы корсотулгон кемчиликтерди жоюу;
-шаардагы соода борборлорунда сатылуучу мал эттери жана башка айыл-чарбасынын продукцияларын козомолго алуу;
-шаардагы соода борборлорунда сатылуучу кунумдук керектелуучу азык-тулуктордун санитардык-гигиеналык нормаларын текшеруу жана тиешелуу иш чараларды жургузуу;
-шаардагы соода борборлорунда азык-түлүк сатып эмгектенип жаткан ишкерлерди атайын кийимдерди кийуусун талап кылуу;
-шаардагы соода борборлорунун орт коопсуздугунун алдын алуу боюнча иш чараларды жургузуу жана аларды толугу менен уюштуруу;
-борбордук базардагы архитектуралык нормаларды бузган ишкерлер учун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелуу чараларды коруу;
-шаардагы соода борборлорунун жетекчилери тиешелуу органдар тарабынан уруксат берилбеген жагдайда өз алдынча архитектуралык курулуштарды куруусуна тыюу салуу;
-шаардагы соода борборлорунун мамлекеттик каттоодон откондугун тастыктоочу документерин козомолго алуу боюнча иш-чараларды жургузуу жагы 2009-жылдын
20-декабрь айына чейин ыкчамдатылып, шаардык кенештин онор-жай, ишмердуулук, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына маалымат берилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы шаардын мэриясына, ошондой эле өнөр-жай, ишмердуулук, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
9. Ушул токтом кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т. Энназаров |