Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2009-жылдын 6-октябры №5
Жалал-Абад шаарынын Ардактуу Атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгу Жобону бекитүү тууралуу
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык маселелер, коомдук уюмдар, партиялар жана кыймылдар байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2009-жылдын 24-сентябрындагы чечиминин негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кенешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ардактуу Атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаардык кеңешинин социалдык маселелер, коомдук уюмдар, партиялар жана кыймылдар байланыш боюнча туруктуу комиссиясына өзүн ишмердүүлүгүндө жогоруда аталган жобонун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин социалдык маселелер, коомдук уюмдар, партиялар жана кыймылдар байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Усеновго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Энназаров
|
"Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу тууралуу ЖОБО
1. "Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу" наамы Жалал-Абад шаарында ардактуу, бийик наам болуп эсептелет.
2. Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуул наамы томонку жарандарга ыйгарылышы мумкун:
"Жалал-Абад шаарында 20 жылдан кем эмес эмгектенген, шаардын экономикасын жана социалдык чойросун, инфраструктурасын онуктурууго, эл аралык достукту чындоого жана жаштарды тарбиялоого кошкон салымы учун;
"Шаардын эки жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган Жалал-Абад шаарынын тургундарына "Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуул" наамы ыйгарылат.
"Кыргыз Республикасынын жана чет элдик жарандарга Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн;
"Жалал-Абад шаарына сиӊирген өзгөчө эмгегин көрсөтүү менен "Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу" наамына талапкерлерди сунуштоо, ишканалардын, мекемелердин эмгек жамааттарынын укук-милдеттерине кирет.
3. Сунушка тиркелөөчү документтер:
- Өмүр баян
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү
- жашаган жеринен аныктама
- эмгек жамаатынын протоколунун көчүрмөсү
- паспортунун көчүрмөсү
- республикалык деӊгээлдеги наамдар, сыйлыктар жана анын көчүрмөлөрү
- шаардык Кеӊештин депутаттарынан экиден кем эмес сунуштары
4. "Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу шаардык социалдык-укуктук, партиялар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында 6 айда 1 жолу каралат жана шаардык Кеӊештин сессиясында бекитилет.
5. "Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу" наамына татыган адамга салтанаттуу жагдайда "Шаардын ардактуу атуулу" күбөлүгү тапшырылат жана шаардын Ардак китебине катталат.
6. Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу шаар ичинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Шаардык мэриянын жыйындарына, шаардык Кеӊештин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын жана сессиясынын иштерине катышууга:
- Шаардык мэрияга жана шаардык Кеӊешке шаардын жашоо ишмердигин жакшыртуу жөнүндө сунуш берүүгө:
- Мамлекеттик, коомдук уюмдар, мекемелер жана ишканалардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын тоскоолдуксуз кабылдоосуна, аларга талап менен кайрылууга:
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда жана кылмыш жоопкерчилигине тартылганда шаардык туруктуу комиссия "Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу" наамынан ажыратуу сунушун берет жана шаардык кеӊештин кезектеги сессиясында бекитилет.
Жооптуу катчы-юрист | Б. Адылов
|