Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын сентябры №9-8
2010-жылга Баткен шаарынын чегинде айыл-чарба эмес багытындагы жерге. мүлккѳ салык коэффициенттерин жана жыйым ставкасын бекитүү жѳнүндѳ
«Жергиликтүү ѳзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жѳнүндѳгү» Кыргыз Республиаксынын Мыйзамынын 27-беренесине жана КР 17/10-2008-жылкы №230 салык Кодексине ылайык Баткен шаардык Кеӊешинин IV чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылга Баткен шаарынын чегинде мекеме-ишканалардын жана жеке ишкерлердин шаар ичиндеги жерлерди пайдалангандыгы үчүн айыл-чарба эмес багытындагы жерге жана мүлккѳ салык коэффициенттер тѳмѳнкүдѳй болуп бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет)
2. Баткен шаарынын 2010 жылга Кз зоналдык коэффициенттинин манисинин ѳлчѳмү жана калктуу конуштагы нарктык зоналардын чек аралары жѳнүндѳ сунуштар Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ жиберилсин.
3. Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын «Салык эмес жыйымдар жѳнүндѳ» Мыйзамда каралган. «Калк жашаган пункттардын аймагынан таштандыларды алып чыгуу үчүн жыйым жѳнүндѳ» Жобо бекитилсин (№2 тиркеме).
4. Бекитилген жобонун 3-бѳлүмүнүн акыркы абзацындагы физикалык жактарга ар бир уйдѳ жашоочулардын санына эсептик кѳрсѳткүчтѳр кайрадан иштѳѳ үчүн Баткен шаардык мэриясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын щаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Баткен шаардынын финансы бѳлүмүнүн башчысына (З.Камчиев) тапшырылсын.
|
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | М.Султанов
|
№ | Зонанын | Зонанын чек арасы | Коэфф-т | Коэфф-т |
зона | аталышы |
|
| Кз |
1 | (Центр) | Р-4каналынын асты,Салихова, Жибек-Жолу,Ташкопурого ч-н | 0,7 | 0,7 |
2 |
| Калганы шаар боюнча | 0,5 | 0,5 |
1.1. Калк жашаган пункттардын аймагынан таштандыларды алып чыгуу үчүн жыйым Кыргыз Республикасынын «Салык эмес жыйымдар жѳнүндѳ» Мыйзамына ылайык аныкталат.
2.1 Юридикалык жана физикалык жактар (имарат ээлеген) жыйым тѳлѳѳчүлѳр болуп эсептелет.
2.2 Жыйымды алуу жана бюджетке тапшыруу ушул тармакты тейлеген муниципалдык жергиликтүү салык кызматкерлерине жүктѳлѳт.
3.1 Бекитилип берилген аянтка жана ишканада иштегендердин санына (юридикалык жактар үчүн) курулуштун ѳлчѳмүнѳ, үйдѳ жашоочулардын санына жараша аныкталат.
Юридикалык жактарга ар бир иштеген адам санына жараша эсептик кѳрсѳткүчтүн 100 пайызы ѳлчѳмүндѳ белгиленсин;
Жеке ишкерлерге ар бир иштеген адам санына жараша эсептик кѳрсѳткүчтүн 100 пайызы ѳлчѳмүндѳ белгиленсин;
Физикалык жактарга ар бир үйдѳ жашоочулардын санына Жан башына жыл үчүн 5сомдон ай сайын эсептик кѳрсѳткүчтүн 60 пайызы ѳлчѳмүндѳ белгиленсин.
4.1 Жыйымды тѳлѳѳдѳн тѳмѳнкү категориядагы граждандар толугу менен бошотулат, Кыргыз Республикасынын Баатырлары, майыптар, пенсионерлер, кѳп балалуу үй бүлѳлѳр (6 балаа жана жогоруу), Улуу Ата Мекендик согуштун жана башка согуш аракеттеринин мезгилинде кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондордун үй-бүлѳлѳрү, радиацияга чалдыккандар, тоголок жарым жетимдер, баатыр энелер;
5.1 Таштандыларды алып чыгуу үчүн жыйым жергиликтүү бюджетке ѳтүп жаткан жылдын 1-апрелине чейин жылына бир жолу эсептелип тѳлѳнѳт.
5.2 Жергиликтүү жыйымдарды тѳлѳѳчүлѳр аларды толук жана ѳз убагында тѳлѳнүшү үчүн жоопкерчиликтүү.
Белгиленген тѳлѳмдѳрдү ѳз убагында тѳлѳбѳгѳн жыйым тѳлѳѳчүлѳр мыйзам тартибинде белгиленген ѳлчѳмдѳ процент тѳлѳшѳт.
Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды тѳлѳѳчүлѳр алардын толук жана ѳз убагында тѳлѳнүшү үчүн жоопкерчиликтүү. Киргизилген жергиликтуу салык боюнча мыйзам актысын бузгандыгы учун аларга финансалык санкциялар колдонулат, ал эми жергиликтүү салыктар жѳнүндѳ мыйзамдарды бузууда күнѳѳлү болгон кызмат адамдары жана граждандар Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат. Белгиленген тѳлѳмдѳрдү ѳз убагында тѳлѳбѳгѳн салык тѳлѳѳчүлѳр мыйзам тартибинде белгиленген ѳлчѳмдѳ проценттер тѳлѳшѳт.
Жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын айрым түрлѳрү боюнча аларды жыйноонун тартиби жѳнүндѳ кабыл алынган чечимдерди бузгандыгы үчүн кызмат адамдарына жана жарандарга Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуулар жѳнүндѳ кодексине ылайык административдик айып акы салынат.
Жергиликтүү салыктардын жыйымдардын толук туура жана ѳз убагында тѳлѳнүшүнѳ ошондой эле алардын бюджетке чегерилишине кѳзѳмѳлдүк салык кызматы жѳнүндѳ колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык, салык органдары тарабынан жүзѳгѳ ашырылат.
|
|