Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-сентябры №9-15
Баткен шаардык Кеӊешинин ченемдик укуктук актыларын бекитүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳгү 2009-жылдын 20-июлундагы №241 Мыйзамы Баткен шаарынын аймагында аткарып турмушка ашыруу максатында Баткен шаардык Кеӊешинин IV чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳгү 2009-жылдын 20-июлундагы №241 Мыйзамы Баткен шаардык Кеӊеши тарабынан аткарууга алынсын жана Баткен шаардык Кеӊешинин ченемдик укуктук актылары боюнча жобо иштелип чыгылсын.
2. Баткен шаардык Кеӊешинин ченемдик укуктук актыларын турмушка ашыруу жагы, анын жоопкерчилиги КР ченемдик укуктук актыларын так сактоо менен Кеӊештин тѳрагасынын орун басарына, туруктуу комиссияларынын тѳрагаларына, аппараттын жооптуу кызматкерлерине, Баткен шаарынын мэриясынын аппаратына жана мэриянын структуралык бѳлүктѳрүнѳ милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасынын орун басары И.Султанмуратовго жана Кеӊештин жооптуу катчысы Ж.Алдашовага тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | М.Султанов
|